Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Орусияда маңзат менен кармалган жарандын ИИМге тиешеси жок


Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов ”Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айдоочусу маңзат менен кармалган генерал-майор Уран Шамшиев 29-майда кызматынан алынган жана учурда анын ИИМге эч кандай тиешеси жок. Сеитов кошумчалагандай, кылмышка шектүү айдоочу ИИМдин Орусиядагы азыркы өкүлү менен иштешпейт.

Бүгүн орусиялык маалымат каражаттары кыргызстандык генерал-майор Уран Шамшиевдин айдоочусу 20 килограмм героин менен Орусияда колго түшкөнүн жазып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча генерал-майор КМШ боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунда Кыргызстандын өкүлү катары иштеп келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG