Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Украина Донецк аэропорту жикчилдердин колуна өткөнүн төгүндөөдө


Украинанын бийликтери Донецк аэропорту жикчилдердин колуна өттү деген маалыматты четке какты. Өлкө куралдуу күчтөрүнүн өкүлү аэропорттун терминалы антитеррордук операция жүргүзгөн өкмөттүк күчтөрдүн колунда экенин билдирди. Буга чейин орусиячыл жикчилдер аба майданы алардын колуна өткөнүн кабарлаган. Бул аэропорттун айланасында тынымсыз атышуулар болуп жатат. Учурда аба майданы кыйраган абалга келди.

АКШ Мамлекеттик департаменти аба майданындагы атыш ок атышууларды токтотуу боюнча өткөн жылдын сентябрданы кол коюлган Минск келишимин ачыктан-ачык бузуу экенин билдирди.

Былтыр апрелде башталган Украинанын чыгышындагы куралдуу чатактан 4700дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG