Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Белгияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Мындай чаралар Германия менен чек арага жакын Вервье шаарында полиция согушкер делген эки адамды өлтүрүлүп, бирөө камакка алынган соң көрүлүүдө. Анда аймактагы үйлөрдү тинтүү учурунда ал адам полицияга каршылык көрсөтүп ок чыгарган. Атышуу учурунда эки адам өлтүрүлгөн. Өлкө прокуратурасынын маалыматы боюнча, полицияга ок чыгаргандар жакында эле Сириядан кайтып келип, Белгияда теракт уюштурушу мүмкүн деген маалымат түшкөн.

Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Дидье Рейндерс окуя болгон жерде полиция операциясы аяктаганын кабарлады. Учурда Белгиядагы коопсуздук чаралары төрт баллдык система боюнча үчүнчү даражага көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG