Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Пакистан: Карачиде полиция менен демонстранттар кагышты


Пакистандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Акцияга чыккандар франциялык “Шарли Эбдо” журналы өз бетине Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жайгаштырганына нааразы болууда. Өлкө түштүгүндөгү Карачи шаарындагы демонстранттар полиция менен кагышты. Шаардагы Франциянын консулдугунун жанынан полиция акция катышуучуларын жаш агызчу газ жана суу бүркүп таратты.

“Шарли Эбдо” журналынын 16-январдагы үч миллион нуска менен чыккан атайын санынын сырткы бетине Мухаммед пайгамбардын “Мен Шарли” деген жазууну кармап турган карикатурасы басылган. Буга чейин Пакистан парламентинин төмөнкү палатасы - Улуттук ассамблея аталган карикатураны басып чыгууга нааразылык билдирип, резолюция кабыл алган эле. Анда мындай нерселер кайталанбашы керектиги айтылат.

XS
SM
MD
LG