Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

Футбол: Молдова - Кыргызстан беттеши тең чыгуу менен аяктады


Футбол боюнча Шериктештик кубогунун оюндарында Кыргызстан менен Молдованын 21 жашка чейинки улуттук курамаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда беттеш бүгүн 16-январда Санкт-Петербург шаарында, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталган.
Оюндун 71-мүнөтүндө молдовалык оючулар кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизип, оюндагы алгачкы эсепти ачышкан. 80-мүнөттө кыргыз футболчуларынан Бекжан Сагынбаев атаандаш дарбазасына топту таамай багыттап эсепти теңегенге жетишкен.

16-январда башталган Шериктештик кубогунун оюндары 25-январга чейин уланат. Ага Азиянын жана Европанын 12 өлкөсү катышып, төрт тайпага бөлүнүп ойношууда. Кыргызстан В тайпасында Молдова, Латвия жана Орусия курамалары менен беттешет. Кыргыз футболчулары 18-январда Латвия курамасы менен ойносо (15:00), 19-январда Орусия футболчулары менен (22:00) беттешет.(Ech)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG