Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Социалдык батирлер өң-таанышка берилгенби?


Жал-Артистеги үйлөр
Жал-Артистеги үйлөр

Эсеп палатасы “Жал Артис” кичи районунан социалдык маанидеги батирлер мыйзамсыз берилген фактылар бар экендигин айтып чыкты. Алардын билдиришинче, аталган батирлер мамлекеттик кызматка тиешеси жок адамдарга берилип калган бир нече учур катталган.

Эсеп палатасынан билдиришкендей, 2010-жылы өкмөттүн токтому менен бюджеттин эсебинен ипотекалык субсидиялар бөлүнгөн. Ага ылайык, үйгө муктаж деп табылган мамлекеттик кызматкерге ипотека шартында батир бөлүнүп, каражаттын 30 пайызы ошол мамлекеттик субсидиянын негизинде жабылып, калганын үй алган жаран белгилүү мөөнөттө үстөк акысы менен төлөмөк.

Эсеп палатасынын башкы инспектору Дамира Такырбашеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 2009-2010-жылдын эсебинен ушундай шартта 118 батир берилсе, анын ичинен бешөө мамлекеттик кызматка тиешеси жок эле адамдарга берилип калганы аныкталды. Бул фактылар ошол субсидиялардын кандайча пайдаланылгандыгын текшерүү маалында белгилүү болду.

- Мисалы, 2009-жылдын 10-декабрында бир бөлмөлүү батир жана мамлекеттик бюджеттен 240 миң сом өлчөмүндөгү субсидия Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик суу чарба комитетинин квотасы менен Турганбаев Т.И. аттуу жаранга берилген. Бирок аталган комитет бул жарандын министрликтин кызматында мурда-кийин иштебегендигин билдирүүдө.

Айыл чарба министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жумалиев да аталган фактыны тастыктап, ушул убакка чейин министрликте андай квота боюнча бир дагы кызматкер үй албагандыгын билдирди:

- Мен билгенден Т.И. Турганбаев деген киши министрликте иштеген эмес. Мен бул жерде 1978-жылдан бери иштейм. Илгери азыркы Мелис Турганбаевдин атасы иштеген. Бирок ал киши бизден үй алган эмес. Анын кызматтан кеткенине эле 20 жылдан ашты. Биздин министрликке квота бөлүнгөн жок го деп ойлойм. Бир да киши үй алган жок.

Иштебеген үй алат

Дамира Такырбашеванын маалыматында ушундай эле көрүнүштөр бир нече мекемелерде орун алган. “Кыргызгаз” ишканасынын квотасы менен бир бөлмөлүү батир бөлүнгөн. Бирок аталган ишкана да 2008-жылдан 2013-жылга чейин өз кызматкерлерине батир бөлүштүрбөгөндүгүн билдирген. “Түндүкэлектр” ишканасында да ушундай эле жагдай аныкталган.

Маданият министрлигинин квотасы боюнча 2010-жылы эки бөлмөлүү батирлер эки жаранга берилген жана алар мамлекеттин эсебинен 263 миң сомдон субсидия алышкан. Ошол эле кезде министрлик 2014-жылдын апрель айында жөнөткөн катында аталган кызматкерлер министрликте катталбаганын да, иштебегенин да тастыктаган.

Мындан тышкары башкы инспектор Бажы кызматында иштеген эки жаранга үй алар кызматтан кеткен учурда берилип калганын айтып, бул жагдай комиссиянын көз жаздымында калганын кошумчалады.

- Бажы кызматында эки кызматкер иштен кеткенден кийин үй алган. Комиссия квартираларды берип жатканда бул адамдар азыр барбы, ошол кызматта иштеп жатабы, алардын үйлөрү барбы, катталганбы дегендей нерселерди аныкташы керек эле. Бирок алар үй берүүгө негиз жок болгон учурда деле берип койгон.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Жарандык турак жай курулуш департаментинин жетекчиси Урматбек Көкөчаровдун айтымында, ипотекалык үйлөрдү таратуу укугу аталган агенттиктин алдында түзүлгөн ведомство аралык комиссияга жана мэрияга берилген. Мындан улам айрым мекемелерге үй комиссия тарабынан, башкалары мэриянын чечими менен таратылган.

Дооматтар четке кагылды

Урматбек Көкөчаров агенттик алдындагы комиссия ар бир мекеменин үйгө муктаж кызматкери туурасында жиберген документинин негизинде гана үй бөлүнөрүн белгилеп, Эсеп палатасынын маалыматтарын четке какты.

- Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында комиссия түзүлгөн. Ал жакка Каржы министрлигинен, Мамлекеттик каттоо кызматынан, паспорт столунан өкүлдөр кирген. Аларга ар бир мекеме кызматкердин үйгө муктаждыгы туурасында өтүнүчтөрдү жиберет. Комиссия алардан келген документти алып, анын негизинде үй алчу кишинин жагдайы талаптарга жооп береби, чындап эле үйү жокпу дегендей маселелер каралат. Ошонун негизинде чечим чыгып, үй берилет. Бизде үй алуучулардын министрликте иштер-иштебесин тастыктаган кагаздары бар. Айыл чарба министрлиги туурасында сөз кылсак, булардын алдында үйгө муктаждарды аныктоочу өздөрүнүн комиссиясы түзүлүп, кезеги аныкталган. Алар ошол кезек боюнча бизге өтүнүч жиберген. Аны комиссия карап берген. Справкалары бар. Министрликтин өтүнүчү жок комиссия үй маселесин карай албайт. Ал эми “Кыргызгаз”, “Түндүкэлектр” ишканаларына мэрия чечим чыгарган. Аларды биздин комиссия караган эмес.

Ушул тапта Эсеп палатасы ипотекалык кредиттөө боюнча топтолгон материалдарга объективдүү укуктук баа берүү үчүн аларды укук коргоо органдарына тапшырды. Жарандык турак жай курулуш департаменти дагы үй алган жарандардын мамлекеттик кызматта иштей тургандыгын тастыктаган бардык документтердин көчүрмөсүн Ички иштер министрлигине өткөрүп бергендигин билдирди.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди социалдык батирлер менен камсыз кылуу чечими 2006-жылы кабыл алынган. Ага ылайык 410 квартира бөлүнүп, бүгүнкү күндө анын 122си таратылып берилген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG