Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Парижде эки кишини барымтага алган адам кармалды


Парижге жакын жердеги Коломб шаарчасында почта бөлүмүнүн имаратында эки адамды барымтага алган куралчан кармалды. Барымтадагылар бошотулду.

Буга чейин Калашников автоматын көтөргөн адам почта бөлүмүнө кирип келген. Имараттагылардын көпчүлүгү качып чыгып, эки адам үлгүрбөй калган. Барымта тууралуу полицияга ал өзү кабарлаган.

Бул адам мурда полицияга майда тартип бузуулар менен бир нече жолу түшкөнү маалым болду. Ошондуктан, теракт деген версия учурда четке кагылууда.

Өткөн аптада Франциядагы кол салуулардан 17 адам каза болгон. Алгач Париждеги “Шарли Эбдо” журналына кол салынып, 12 адам мерт кеткен. Кол салганга шектүү бир тууган Шериф жана Саид Куашилер эки күндөн соң шаар четинде бир нече адамды барымтага алган. Ошондой эле Амеди Кулибали атуу адам да алгач бир полиция кызматкерин өлтүрүп, андан соң Порт-Винсен аймагында жөөттөрдүн кошер дүкөнүнө кирип, ок ачып, бир канча адамды барымтага алган. Полиция операциясынын жыйынтыгында кылмышка шектүү үч адам тең колго түшүрүү маалында өлтүрүлдү. Бул окуядан соң бир катар мамлекеттерде террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү маселеси талкууланып жатат.

XS
SM
MD
LG