Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Жавад Зариф жана Жон Керри Парижде жолукту


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Парижде жолукту.

Бул тууралуу Жавад Зариф Женевадан кетер алдында журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Керри менен жолугушууда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча пикир алышты. Керри менен Зариф 14-январда Женевада жолугуп, бир нече саат сүйлөшкөн. Мунун негизинде АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген алтылык менен өзөктүк программанын сүйлөшүүсү жанданган. Бул келишимге жетишилсе, Тегеран ядролук программасын кыскартат, ал үчүн ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынмакчы.

Мындан сырткары Жавад Зариф Парижде Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен жолугуп, аймактагы коопсуздук, экстремизм жана исламофобияга каршы күрөш боюнча маселелерди талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG