Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери оппозициялык саясатчы Алексей Навальный түптөгөн Коррупция менен күрөш фондунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, документтерди, техниканы алып кетти. Бул тууралуу Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш “Интерфакс” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жума күнү Алексей Навальный Тергөө комитетине сурак берип жатканда фонддун кеңсесине бет капчан, куралчан адамдардын коштоосунда 20га жакын адам кирип, тинтүү жүргүзгөн. Анын алкагында фонддун бухгалтердик кагаздары, бир нече кызматкерлердин компьютерлери менен телефондору алынган.

Тергөө комитети тинтүү фонддун үстүнөн түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлгөнүн билдирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG