Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ИИМ генерал Шамшиевдин айдоочусу боюнча билдирүү таратты


Орусияда 20 килограмм маңзат менен кармалган полиция кызматкеринин Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жана генерал-майор Уран Шамшиевге байланышы жок. Кыргызстандын ИИМинин расмий билдирүүсүндө ушундай деп айтылат.

Кечээ, 16-январда орус маалымат каражаттары КМШ боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунда Кыргызстандын өкүлү Уран Шамшиевдин айдоочусу Москванын четинен 20 килограмм маңзат менен кармалганын жазып чыгышкан.

“Сыягы Орусиянын маңзаттардын айлануусун көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматы жана айрым журналисттер КМШнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросу тууралуу таптакыр кабары жок болсо керек. Генерал Уран Шамшиев 2014-жылдын 29-майына чейин гана аталган кызматта директордун биринчи орун басары кызматында иштеген. Анын мурдагы айдоочусу Махмади Рахмонов орус жараны, кармалганга чейин Орусия федерациясынын ИИМинин борбордук аппаратында иштеген.

2014-жылдын 14-ноябрынан тарта КМШ боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунда директордун орун басары болуп полковник Сагын Исмаилов иштөөдө” деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда Рахмонов 2014-жылы декабрда кармалган. (МТо)

XS
SM
MD
LG