Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Лейлек: эки чек арачы тозотко кайтып келишти


Бир катар ЖМКларда "Лейлек чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунун эки аскер кызматкери дайынсыз жок” деген маалымат чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Айрым маалымат каражаттары чек ара тозотуна кол салынганда эки жоокер качып кетти деп маалымат тарата башташкан.

“Аталган чек арачылар 2015-жылдын 16-январында саат 20:00до кезметке чыгышкан жана жол багытына ылайык тоо тарапты көздөй кетишип, ал жактан байланышка чыгууга мүмкүн болгон эмес. 17-январда болжол менен саат 11:30да чек ара кезметине байланышка чыгып, коюлган тапшырмалар аткарылганын жана чек ара тозотуна кайтып келе жаткандыгы тууралуу билдирген. Учурда аскер кызматкерлер “Айкөл” чек ара тозотуна кайтып келишти”, деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 16-январда саат 22:50дө белгисиз адамдар “Айкөл” чек ара тозотуна куралдуу кол салышып, натыйжада бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болгон.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иш алып барууда. Чек арачылар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча операция жүргүзүшүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG