Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

“Республика” Обдуновду депутаттыктан кетирүүнү сунуштоодо


“Республика” фракциясы 16-январдагы жыйынында өз катарындагы депутат Элмурат Обдуновду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча спикерге сунуш киргизди. Бул тууралуу “Азаттыкка” "республикачы" депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди.

- Ал киши жумушка көп убактан бери себепсиз чыкпаганы, фракция жыйындарына катышпаганы, бирок, депутаттык айлыгын алып, мамлекеттик батирде жашап, кызматтык унааны пайдаланып атканы үчүн фракция ушундай чечим чыгарды, - деди Дыйканбаев.

Анын айтымында, сунуш каралып калса февраль айынын ичинде Элмурат Обдунов мандатынан ажыратылышы керек. Бул боюнча Обдунов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

30-декабрда Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттардын этикасы боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева ишке себепсиз келбеген депутаттардын аты-жөнүн жарыялаган. Алтыбаеванын тизмесинде Нурлан Төрөбеков, Урмат Аманбаева, Азиз Суракматов, Элмурат Обдунов, Улан Чолпонбаев, Динара Исаева жана Ыргал Кадыралиева бар.

Дыйканбаев фракциялашы Урмат Аманбаева ооруканада болгондуктан, анын ишти калтыруусу себептүү деп табылганын кошумчалады.(МТо)

XS
SM
MD
LG