Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Лейлектеги окуя келишпестиктен улам чыгышы мүмкүн


Лейлектеги окуя кол салуу эмес, кимдир бирөөлөр менен чек арачылардын келишпестигинен улам болушу мүмкүн. Мындай ойлорун “Азаттыктын” кабарчысына тозотко жакын айылдарда жашаган бир нече тургундар билдиришкен.

- Тажикстандан бирөөлөр ашып келгидей жол деле жок, аткезчилик менен товар алып өткөн да жол жок. Бул аймакта маңзат ташыгандар менен келишпестик болушу мүмкүн деп айтышууда. Бирок аты-жөнүн айтып, кеңири маалымат берүүдөн чочулашууда,- деп билдирди аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров.

Аймактагы чек арачылар "Азаттыктын" кабарчысын окуя болгон жерге киргизүүдөн жана комментарий берүүдөн баш тартышты.

Алдын ала маалыматка караганда, чек арачыларга аңчылык куралдан чачма ок атылган. Жаракат алгандардын бирине операция жасаган Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов “Азаттыкка” чек арачынын моюнунан жана көкүрөк тушунан чачырандылар алынганын, бирок эмненин чачырандысы экенин билбей турганын айтты.

16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотундагы ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG