Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Ош облусу мал уурулуктан 15 млн. сом зыян тартты


Бир жыл ичинде Ош облусу мал уурулуктун кесепетинен 15 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

- Ош облусунун аймагында өткөн бир жыл ичинде мал уурулук боюнча 176 факты катталып, 156 кылмыштын бети ачылган. Учурда дагы мал уурулугу боюнча 20 иштин бети ачылбай турат. Облустагы мал уурулук боюнча кылмыштын бетин ачуу 2013-жылда 82% түзсө, 2014-жылда 88.6% жеткен, - деди Аширбаев.

Анын маалымдашынча, зыяндын 10 млн. сому мал ээлерине кайтарылып берилген.

Акыркы жылдары Ош облусунда чек арага жакын аймактарда мал уурулугу күч алганы айтылып келет. (YI)

XS
SM
MD
LG