Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Тогузторолуктар аким боюнча башпрокурорго кайрылышты


Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун акимине коюлуп жаткан айыптар негизсиз экендигин билдиришип, айрым тогузторолуктар баш прокурор Аида Саляновага кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун жашоочусу жана эмгек сиңирген курулушчу Бакы Ороков билдирди.

- Алыскы аймактын элин сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоо тогузторолуктардын талабы болчу. Ошол себептүү тийиштүү комиссиянын чечими жана текшерүүнүн жыйынтыгы менен Үч-Чат аймагына жол салынган. Бул жерде район башчысы эч кандай мыйзам бузууга жол берген эмес,- деди Ороков.

Кайрылуу ээлери акимдин ордун кайсы бир тараптар ээлөөгө кызыкдар экенин айтышып, ишти акыйкат кароого чакырышкан. Кайрылууга тогузторонун 100дөн ашуун жашоочулары кол коюшкан.

Жалал-Абад облпрокуратурасы тарабынан 2014-жылы декабрда аким Тилек Идирисовго коргоого алынган Үч-Чат аймагындагы дарактарды кыюуга уруксат берген деген негизде кылмыш иши козголгон. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG