Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Сан-Францискодо Орусия саясатына каршы жүрүш өтөт


Жекшембиде АКШнын Сан-Франциско шаарында Орусиядагы репрессияга жана сөз эркиндигин басынтууга, Москванын Украина боюнча саясатына каршы жүрүш өтөт.

Акцияны Сан-Францискодогу саны 60 миңге чамалуу орус жана украин диаспораларынын активисттери уюштурууда.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучу Жулия Хеллер тараткан пресс- баракчада айтылат.

Анын белгилешинче, шаардагы активисттер Орусиядагы Кремлдин каршылаштарына, анын ичинде оппозициячы Алексей Навальный, украин учкучу Надежда Савченкого карата жүргүзгөн сот иштерине каршы чыккан дүйнөдөгү башка акцияларга кошулууну максат кылышууда.

Фейсбуктагы иш-чара боюнча билдирүүдө “Акцияга Кремлдин бүгүнкү саясатына, уурулукка жана жалганчылыкка каршы, Орусиянын тагдырына кайдыгер карабаган ким болбосун катыша алат. Бул митинг мамлекеттик ээнбаштыкка, мыйзамсыздыкка жана саясий репрессияга каршы өткөрүлүүдө” деп жазылган.

XS
SM
MD
LG