Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Кадыралиев жакын арада кармалбаса тиешелүү кызматкерлер иштен алынат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, мындай билдирүү кылмыштардын бетин ачуу боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган ИИМдин көчмө жыйынында айтылган.

- Жыйында издөөдөгү Канжар Кадыралиевдин кармалбай жатканы, Ош аэропортунда болгон каракчылыктын, ошондой эле облустук жана шаардык башкармалыктардын кароосундагы алты оор кылмыштын бети ачылбай жатканы сынга алынды, - деди Аширбаев.

Жыйында аталган кылмыштарды иликтеп жаткан кызматтардын жетекчилерине ээлеген кызмат орундарындагы өз милдеттерин толук эмес аткарды деген баа берилип, алардын бетин ачууга бир ай мөөнөт берилди.

Ош облусунда 2014-жылы 140 оор кылмыш катталып, 137 кылмыштын бети ачылган. Облуста өткөн жылы жалпысынан 2215 кылмыш катталса, 238инин бети ачылбай турат.(YI)

XS
SM
MD
LG