Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Балдарды кордогондорду өмүр бою соттоо сунушталды


Акыйкатчы институту жылдык баяндамасында балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө эң жогорку жаза киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, балдарга болгон зомбулукту катаал жаза гана азайта алат.

- Жылдык баяндамада балдар укугу боюнча өзүнчө бөлүм бар. Бизге жыл ичинде көптөгөн кайрылуулар түштү. Ошол себептүү биздин институт балдарды кордогондорго, аларды зордуктагандарга эң жогорку жаза чектөөнү сушуштайт, - деди Аманбаев.

Кыргызстандагы эң жогорку кылмыш жазасы – өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат. Өлүм жазасына 2005-жылы мораторий киргизилген.

Чүйдүн Озерное айылындагы эки жашар наристенин мыкаачылык менен сабалышы президентти баш кылып, коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү балдар укугуна бурду. ИИМдин маалыматы боюнча жыл сайын миңге жакын бала зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG