Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Батышта ажырашуу арзан эмес...


Америкадагы ири компаниялардын бирине ээлик кылган Гарольд Хамм аттуу миллиардер аялы менен ажырашкандан кийин ага алимент катары 975 миллион доллар жиберген. Бирок бул суммадагы чекти мурдагы аялы кабыл албай койгон окуя эл аралык медиада кеңири талкууга алынды.

Батышта жубайлар ажырашса сөзсүз түрдө бири-бирине белгиленген өлчөмдө айыппул же алимент төлөп берет. Ал эми Кыргызстанда ажырашкан аялдар экономикалык жактан алсыз, чөнтөгү жука социалдык катмардын катарын толуктайт дешет адистер.

Америка Кошмо Штаттарынын Оклахома аймактык сотунун чечими менен Continental Resources Inc. компаниясынын ээси, миллиардер Гароль Хамм мурдагы жубайы Сю Энн Арналлга бир миллион долларга чукул ажырашуу чегин жиберген. Алардын соттук териштирүү иши дээрлик эки жарым жылга созулган. Бирок миллиардердин мурунку жубайы 975 миллион доллардык чекти адвокаты аркылуу күйөөсүнө кайтарып берген. Анткени 26 жыл бою чогуу жашап, ажырашкан Арналл мурдагы жолдошунан бир нече миллиард доллар компенсация талап кылууда деп билдирет The Wall Street Journal басылмасы.

Орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев белгисиз аял менен футболдук таймашты көрүүдө. Франция, 1-март, 2014-жыл
Орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев белгисиз аял менен футболдук таймашты көрүүдө. Франция, 1-март, 2014-жыл

2014-жылдын февраль айында орусиялык олигарх, Forbes журналындагы байлардын тизмесине кирген Дмитрий Рыболовлев Женева сотунун чечими менен мурдагы жубайы Еленага 4,5 миллиард доллар төлөп бермей болуп, ажырашуу тарыхындагы эң көп алимент төлөгөн күйөө болуп калды. 2009-жылдан баштап Женева соту орус жубайларын ажыраштыра албай убара болуп жатып, акыры сот чечими беш жылдан кийин гана чыкты.

Ажырашканда эң көп алимент төлөгөндөрдүн экинчи сабында француз ишкери, миллиардер Алек Уилденштейн турат. Ал 1978-жылы үйлөнгөн жубайы Жозелин менен 1999-жылы ажырашып, эки жарым миллиард доллар төлөп берген.

1967-жылы австралиялык-америкалык медиа-магнат Руперт Мердок Анна Торв аттуу айым менен баш кошуп, алар 32 жыл чогуу жашагандан кийин 1999-жылы ажырашып кетишет. Миллиардер аялынын банк эсебине 1,7 миллиард доллар төлөп, андан тышкары 100 миллион долларды колуна накталай санап берген. Ажырашкандан 17 күн өтөрү менен Мердок Венди Денг аттуу айымга баш кошуп, аны менен 2004-жылы ажырашкан. Ага дагы 44 миллион доллар төлөгөн.

Окумуштуулар ажырашуу глобалдык жакырчылыктын башкы себептеринин бири дешет. Анткени эгерде ажырашкан мезгилде жубайлардын балдары болсо, алардын социалдык камсыз болуусуна да коркунуч жаралат. АКШда бир адам болжол менен саатына 10 долларга иштесе, бир жылдык кирешеси болжол менен 40 миң доллар, эгерде жубайлардын экөө тең иштеп ушундай акча тапса, алардан төрөлгөн балдардын коомдогу экономикалык пайдубалы да бекемирээк болот деп жазат New York Times гезити.

Кыргызстандагы ажырашуу

Кыргызстанда ажырашуулар көп болгону менен алардын ичинен күйөөсү аялына чоң суммадагы акча төлөгөн, же мурдагы үй-бүлөсүн камсыз кылган учурлар аз.

Мыйзамда күйөөсү алимент төлөөгө милдеттүү болгону менен, соттун чечиминен кийин да бул мыйзам кагаз жүзүндө гана калат. "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова:

- Менин иш тажрыйбамда күйөөсү аялына көп суммадагы алимент төлөп берген учурду кездештире элекмин. Бизге жалаӊ эле күйөөлөрү кетип калып, алимент төлөбөй жүргөндөр кайрылышат. Бизде аялдар алимент алышпайт, балдарын өздөрү жалгыз багышат. Мамлекет тарабынан да коргоо жок. Мыйзамда ажырашкандан кийин күйөөсү алимент төлөш керек, эгер төлөбөсө ошол каражатты мамлекет аялга берип, анан күйөөсүнөн өндүрүп алыш керек. Бирок бул мыйзам аткарылбай келатат.

2012-жылы дүйнөдө балдардын 21 проценти жакыр деп катталган. Жалгыз бой ата-энелердин балдары ушул жакыр топтун ичиндеги көпчүлүктү түзөт. Америкадагы Мичиган университетинин окумуштуусу Цингуо Люнун айтымында, ажырашуу экономикага да, дүйнөлүк демографияга да урулган чоң сокку болууда. Илимпоздор ажырашуудан үй-бүлөдөгү кыз балага караганда уул балдар көбүрөөк материалдык зыянга учурайт дешет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG