Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

“ИМ” радикал тобунун туткунундагы 200 езид бошотулду


200гө жакын езид азчылыгынын өкүлдөрү “Ислам мамлекети” радикал тобунун туткунунан боштулду. Туткундан чыккандардын көбү кары-картаңдар, майып жана катуу ооруга чалдыккан балдар. Аларды күрд бийликтери Киркук шаарына жакын жерден өткөрүп алышып, дароо ооруканага жөнөтүшкөн.

Езид азчылыгынын укук коргоочусу Ходра Домлинин айтымында, туткундар Мосул шаарында кармалып турган жана кандай шартта бошотулганы белгисиз.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери өткөн жылдын жайында Ирактын түндүгүндөгү шаарларга чабуул койгон жана андан миңге жакын адам набыт болгон. Учурда езиддер жашаган айылдардын көбү согушкерлердин көзөмөлүндө. Алардын колунда үч миңге жакын езид аялдары жана балдары бар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG