Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Футбол: Кыргызстан – Латвия тең чыкты


Бүгүн, 18-январда Санкт-Петербург шаарында болгон "Шериктештик" кубогунун оюндарында Кыргызстан менен Латвиянын 21 жашка чейинки футбол курамаларынын беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын расмий сайтында маалымдалды.

Буга чейин "Шериктештик" кубогунун тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында 16-январда Кыргызстандын футболчулары Молдова курамасы менен ойноп 1:1 тең чыккан. Ошол эле күнү Орусия менен Латвия курамаларынын беттеши мелдеш кожоюндарынын пайдасына 1:0 эсебинде аяктаган. Кыргыз футболчулары эртең Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до Орусия курамасы менен ойнойт. Оюндун жүрүшүн мелдештин расмий сайтынан жана “Мир” телеканалынан көрүүгө болот.

16-январда башталган "Шериктештик" кубогунун оюндары 25-январга чейин уланат. Ага Азиянын жана Европанын 12 өлкөсүнүн 21 жашка чейинки улуттук футбол курамалары катышууда.(Ech)

XS
SM
MD
LG