Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Бүгүн күндүзгү саат бештер чамасында Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, жети адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды, дагы бирөө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнөн билдиришти. Жапа чеккендердин алтоо ар кандай жаракат менен сынык бөлүмүнө жаткырылса, бири башынан жаракат алып, мээ хирургиясына кабыл алынган. Жаракат алгандардын арасында балдар жок.

Күбөлөрдүн айтымында, "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү жеңил машине Ак-Тилек айылынан Ош шаарына келаткан кичи автобустун жолуна капысынан чыгып кеткен.

Учурда окуя болгон жерге МАИ кызматкерлери келип, кырсыктын себептерин аныкташууда. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG