Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Женевада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өтүп жатат


Женевада бул аптада АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф да кездешти. 14-январь, 2015-жыл.

Женевада бул аптада АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф да кездешти. 14-январь, 2015-жыл.

Бир күнкү сүйлөшүүлөргө Ирандын жана P5+1 тобунун мүчөлөрү: АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция, Германиянын өкүлдөрү катышууда.

Мунун алдында кечээ АКШ менен Ирандын делегациялары Евробиримдик өкүлдөрүнүн катышуусунда өз алдынча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Азыркы сүйлөшүүлөрдү утурлай АКШда конгрессмендердин тобу эгер быйыл 30-июнга чейин Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунаса табылбаса, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуш кылды.

Бирок президент Барак Обама Конгрессти жаңы санкциялардан карманууга чакырып, эгер сүйлөшүү уланып жаткан кезде андай мыйзам кабыл алынса, вето саларын эскертти.

Азыркы сүйлөшүүлөр Ирандын талаштуу өзөктүк программасын туруктуу макулдашуу аркылуу чектөөнү көздөйт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG