Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 05:36

Рим папасынын Маниладагы диний жөрөлгөсүнө миллиондогон киши катышты


Маниладагы диний жөрөлгөгө келгендер. 18-январь, 2015-жыл.

Филиппин борборунун аянты 60 гектарлык Рисаль-паркына Рим католик чиркөөсүнүн башчысын угуу үчүн үч миллиондой киши катуу жаан-чачынга карабай жыйналды.

Папа Франциск ал жердеги бүгүнкү диний ишаратын Филиппинде 2013-жылкы “Хайянь” тайфунунан курман болгондордун элесине арнады.

Ошондой эле ал сөзүндө балдарды коргоо маселесин да көтөрдү.

"Биз жаштар үчүн кам көрүшүбүз керек. Алардын үмүтү уурдалып, көчөдө жашоосуна жол бербешибиз абзел”, - деди Рим папасы.

80 миллиондой католик жашаган Филиппинде болуу менен Рим папасы Азиядагы алты күндүк сапарын жыйынтыктады. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG