Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Комада жаткан наристе өзүнө келе элек


Бишкекте туугандары тарабынан катуу сабалып, учурда ооруканада комада жаткан эки жашар бала дагы эле өзүнө келе элек. Бирок эки күндөн бери өз алдында дем алып калды. Ымыркай эс-учуна келери менен догдурлар басма сөз кызматы аркылуу коомчулукка кабарлашарын билдиришүүдө.

11-январда Бишкектеги №3 балдар ооруканасына катуу сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ымыркайдын атасынын бир тууганы жана анын аялын шектүү катары камакка алган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG