Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Бишкекте активисттер пайгамбардын карикатурасына каршы митинг өткөрөт


"Шарли Эбдо" журналынын кол салуудан кийин чыккан жаңы саны.

"Шарли Эбдо" журналынын кол салуудан кийин чыккан жаңы саны.

Франциядагы “Шарли Эбдо” журналына Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыяланышына каршы Бишкекте жарандык активисттер тынчтык митингине чыгат. Акция 20-январь күнү Горький сейил багында өтөрүн активист Руслан Бекназаров “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында митинг түш ченде башталып, бир саатка созулат:

-Мусулмандар чыгып пайгамбарыбызга сүйүүбүздү, сый-урматыбызды билдирип коюуну туура көрдүк. Мухаммад пайгамбар бирөөнү мазактоого каршы экенин, Ислам ынтымакка чакырган дин экенин, карикатура аркылуу ымалага доо кетирүү туура эместигин айтып коёлу, деп жатабыз,-деди Бекназаров.

Митинг тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгына кабар берилген. Бүгүн Бишкек мэриясына да маалымдалып, журналисттерге басма сөз жыйыны өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жана диний аалымдар Чубак ажы Жалилов менен Өзүбек ажы Чотонов да катышат.

7-январь күнү Франциядагы “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына куралчан кишилер бастырып кирип, басылманын 8 кызматкери менен кошо дагы 4 адамды атып кетишкен. Кылмышкерлер муну журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан.

Бирок окуядан бир жума өткөн соң, 14-январь күнү чыккан журналдын жаңы санында Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасы жарыяланган. Анда пайгамбар “Мен Шарлимин” деген жазууну кармап турганы тартылган. Буга бир катар өлкөлөрдө мусулмандар нааразылыгын билдирип жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG