Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстандын адам укуктары боюнча экинчи баяндамасы Женевада талкууланат


Адам укуктарына арналып, жыл сайын өтө турган "Бир дүйнө Кыргызстан" эл аралык кинофестивалынын ачылышы. 2014-жыл.
Адам укуктарына арналып, жыл сайын өтө турган "Бир дүйнө Кыргызстан" эл аралык кинофестивалынын ачылышы. 2014-жыл.

Бүгүн, 19-январда Женевада БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын талкуулайт. Ал үчүн кыргыз өкмөтүнүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ Швейцарияга жекшембиде жөнөп кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

БУУнун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, уюмга мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын өз өлкөсүндө адам укуктарынын сакталышы боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.

Кыргыз өкмөтү алгачкы баяндамасын 2010-жылы сунуштаган.

Эл аралык уюмдардын анализдеринде Кыргызстанда абактардагы кыйноолор, этникалык жана жыныстык азчылык өкүлдөрүнүн укуктары негизги маселе катары көтөрүлүп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG