Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Кызылча оорусуна кабылгандардын саны 300гө чукулдады


Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, кызылча илдетин жуктуруп кайрылгандардын саны 267ге жетти. “Бул баш калаадагы эле сандар”, - дейт Аалиев. Аталган ооруканада кошумча бөлмөлөр ачылып, 18-январь күнү кайрылган 66 бейтаптын 40тан ашуунунда оору жукканы аныкталып, дарыланууга алынды. Илдет бул темп менен өөрчүсө бул жайда бардык ооруларды тейлөө мүмкүн болбой, орун жетпей калышы да мүмкүн. Адистердин айтымында, оорунун күчөөсүнө эмделбеген атуулдар, балдарын диний көз караштан улам эмдеттирүүдөн баш тарткандар жана миграция себеп болууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG