Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Депутаттар таанытма жазуулар чек ара тосмосунан ары калганына кабатыр


Бишкек-Ош жолунун боюндагы чек араны тосуудан бир учур. Ноокен району.

Бишкек-Ош жолунун боюндагы чек араны тосуудан бир учур. Ноокен району.

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшү боюнча да сөз болду. Анда айрым депутаттар Бишкек - Ош жолунун боюнда, Ноокен районунун аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасына зым тосмо тосулгандан кийин айрым кыргыз айылдарынын таанытма жазуулары эмне үчүн тикенек зымдын Өзбекстан тарабында калып калганына кызыкты. Муну менен ага чейин чек ара сызыгы жолдон 10 метр ары жакта казылган аң аркылуу өткөнү да эске салынды.

Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев мунун себебин коопсуздукка байланыштырып, зым тосмону кыргыз тарап тосконун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан чек арадагы кылмыштарды азайтуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ушул кадамдарга барган. (EBM/MTo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG