Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр “кичине” жылыш менен аяктады


Ирандын жана P5+1 тобуна кирген АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германиянын өкүлдөрүнүн Женевадагы бир күндүк сүйлөшүүсү жабык эшик артында өттү.

Сүйлөшүү “кичине” жылыш менен аяктаганын дипломаттар билдиришти.

Иран делегациясынын башчысы Аббас Аракчи сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилегендей, ал “пайдалуу” болду. Бирок “кандайдыр бир прогресс тууралуу айтуу эртелик кылат”.

Кытайдын чабарманы Ван Кундун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы февралдын башына белгиленди. Ал эми кайсыл жерде өтөрү кошумча такталат.

Азыркы сүйлөшүүлөрдү утурлай АКШда конгрессмендердин тобу эгер быйыл 30-июнга чейин Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунаса табылбаса, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуш кылды.

Бирок президент Барак Обама Конгрессти жаңы санкциялардан карманууга чакырып, эгер сүйлөшүү уланып жаткан кезде андай мыйзам кабыл алынса, вето саларын эскертти.

Азыркы сүйлөшүүлөр Ирандын талаштуу өзөктүк программасын туруктуу макулдашуу аркылуу чектөөнү көздөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG