Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Никитенко: Кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзам долбоор талкуу жаратууда


Кыргызстанда кумсаларды пропагандоолого каршы мыйзам долбоор абдан көп талкуу жаратты. Бул тууралуу Женевадагы БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди. Анын айтымында, парламентте сунушталган бул мыйзам долбоор коомдо жана Жогорку Кеңеште талкуу жаратып, бир катар депутаттар каршылыгын билдирди. Ошондуктан, бул маселе боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө үчүн жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоор Европарламентке жөнөтүлгөнүн Никитенко маалымдады.

Буга чейин Европа парламенти 15-январда өткөн жыйынында Кыргызстандагы кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG