Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Женева: БУУга мүчө башка өлкөлөр Кыргызстанга өз сунуштарын айтып жатат


Женевада БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын угууда. Учурда БУУга мүчө башка өлкөлөр Кыргызстанга өз сунуштарын айтып жатат. Швейцариянын өкүлү кыргыз бийликтерин тынч жыйындарды өткөрүү ар кыл чектөөлөргө барбоого чакырды.

Түркиянын өкүлү Кыргызстандагы мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана Акыйкатчы институтун өнүктүрүүгө чакырды.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Чыгыш Тимор өлкөсүнүн өкүлү өлкөдөгү аялдарды укугун коргоого көңүл бөлүү жана ала качууга каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Тажикстандын өкүлү улут аралык ар кыл чатактардын алдын алуу механизмдерин өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG