Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

АКШдагы грепплинг чемпионатында 3 кыргызстандык жеңишке жетишти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Огайо штатындагы “Kyrgyz USA community” жаштар коомунун маалымат катчысы Эркин Урмамбетов маалымдады.

Анын айтымында, 17-январда АКШнын Огайо штатынын Хэмилтон шаарында “Аmerican Grappling Challenge” федерациясы "Аmerican Grappling Challenge Championships 2015″ таймашын уюштурган. Ага үч кыргызстандык балбан катышып, үчөө тең жеңишке ээ болгон.

65 кг. салмакта биринчиликти Кубат Кубаналиев жеңип, алтын байге тагынган. 80 кг. жана 70 кг. салмакта күмүш медалдарын Ильямин Турдубаев жана Адилет Раманов жеңип алышты.

Кыргызстандык балбандар «Manas Wrestling Club» күрөш клубунда тарбияланып келишет. (ECh)

XS
SM
MD
LG