Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

Жумгалда хоккей боюнча окуучулардын мелдеши өттү


18-январда Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында мектеп окуучулары арасында хоккей боюнча турнир өттү.

“Бул оюн 31-январда Жумгалда өтө турган республикалык турнирге даярдык болду. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасында 20 оюнчу болсо анын 12си жумгалдыктар, турнирди өткөрүүнүн бирден бир максаты жаш хоккейчилерди тандоо”, - дейт райондук дене тарбия жана спорт мектебинин директору Рахат Абышов.

Акыркы жылдары кышкысын өлкө аймактарында муз тоңгон көлмөлөрдө, же атайын жасалган муз аянтчаларында хоккей ойноо популярдуу болууда. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG