Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү алдамчылыкка шектелүүдө


Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров Кылмыш кодексинин эки беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги ишенимдүү булактар билдирди. Ушул эле кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратурада жогорку кызматта иштеген дагы бир адам айыпталууда. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ( Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши ачылган. Ошондой эле маалыматтарда Бакыт Абдыкапаровдун ысымы мыйзамсыз көмүр ташууга байланышкан башка кылмыш ишинде да аталууда. Бул кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын кызматкери да айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG