Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

УКМК Салянованын күйөөсү кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын тастыктады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы Аида Салянованын күйөөсү козголгон кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын "Азаттыкка" тастыктады.

Буга чейин ишенимдүү булактар башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров Кылмыш кодексинин эки беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын билдирген. Ушул эле кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратурада жогорку кызматта иштеген дагы бир адам айыпталууда. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ( кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

Ошондой эле маалыматтарда Бакыт Абдыкапаровдун ысымы мыйзамсыз көмүр ташууга байланышкан башка кылмыш ишинде да аталууда. Бул кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын кызматкери да айыпталууда.

УКМК бул козголгон кылмыш иштери боюнча кененирек маалыматтар кийинчерек болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG