Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ошто Манастын эстелигинин курулушу боюнча кылмыш иши козголду


"Айкөл Манас" монументалдык комплекси. Ош шаары.
"Айкөл Манас" монументалдык комплекси. Ош шаары.

Улуттук коопсуздук комитети Ош шаарындагы «Айкөл Манас» монументалдык комплексинин курулушуна 10 млн. 112 миң 700 сом ашыкча коротулганы боюнча мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди. Атайын кызматтын Оштогу бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул факты Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган.

Эстелик Ош эл аралык аэропортунан калаага кире бериште жайгашкан. Ал мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендердин негизинде “Айжол” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2011-жылы курулган. (YI\SE)

XS
SM
MD
LG