Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Өткөн жылы 600дөн ашуун бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин иликтөөсүнө ылайык, 2014-жылы Кыргызстанда 600дөн ашуун бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы аныкталды. Арасында зордукталгандары да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев билдирди. Анын айтымында, наристелерге карата өкүмзорлуктун көбөйүшүнө ата-энелер балдарын туугандарына таштап, алыска иштегени кеткени негизги фактор болууда.

Буга байланыштуу Социалдык саясат комитети балдарга кордук көрсөтүүнү азайтуу жаатында өкмөт аткарып жаткан иштерди талкууламакчы. Бүгүн, 20-январга белгиленген иш-чарага ички иштер, саламатыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлери чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG