Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Германияда террор коркунучуна байланыштуу Пегида акциясы токтотулду


Пегида кыймылынын акцияларынын бири.
Пегида кыймылынын акцияларынын бири.

Германия полициясы антиисламдык Пегида кыймылынын Дрезден шаарында өткөрүүнү пландаган акциясына тыюу салды. Күч органдары иш-чара учурунда террордук аракеттер болушу мүмкүн экендигин эскертти. Акция 19-январга белгиленген болчу.

Дрезден полициясынын маалыматына ылайык, коопсуздук кызматы Пегида кыймылына каршы белгисиз топ тымызын план түзүп жатканы тууралуу кабар тапкан. Bild басылмасы тараткан маалыматта коркутуулар Пегиданын жетекчиси Луц Бехмандын дарегине айтылып жатканы жазылган.

Пегида кыймылы өткөн жылдын октябрынан бери Чыгыштын исламдашуусуна каршы түрдүү акцияларды уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG