Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Өзбекстан чек арадагы атышуу боюнча Кыргызстанды күнөөлөдү


Аксы жана Ала-Бука райондорундагы Өзбекстан менен чектеш жерлерге коюлган жазуулар.

Аксы жана Ала-Бука райондорундагы Өзбекстан менен чектеш жерлерге коюлган жазуулар.

Өзбекстан 18-январь күнү кыргыз-өзбек чек арасында болгон атышуу боюнча кыргыз аскерлерин күнөөлөдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын чек араларды коргоо комитетинин билдирүүсүнө таянып, жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Комитеттин баяндамасында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылат жана атышуу кыргыз чек арачыларынан күнөөсүнөн улам болгону белгиленген. Кыргыз аскерлери чек араны кесип өтүп, өзбек аңчыларына ок чыгарганы жазылган.

18-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы «Көк-Серек» чек ара тозотунда ок атылып, бир адам жаракат алган. Чек ара кызматы билдиргендей, Өзбекстандын үч жараны аңчылык кылып жүрүп, чек араны мыйзамсыз бузуп өтүшкөн. Алар кыргыз чек арачыларынын куралдарын тапшырып, колго түшүп берүү талабын аткаруунун ордуна аскерлерге ок чыгарганы, эки тарап атыша кетип, аңчылардын бири жарадар болгону тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.

Мурда жетишилген келишимдерге ылайык, жарадар болгон өзбек жаранына медициналык жардам көрсөтүлүп, тартылып алынган үч куралы менен кошо аңчылар өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG