Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Кумтөр келишими боюнча орток пикир табыла элек


Кумтөр алтын ишканасы.
Кумтөр алтын ишканасы.

Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Өкмөт башчы Канададан келген келишимдердин акыркы варианты азыр которулуп жатканын, 26-январда сүйлөшүү үчүн “Центерранын” өкүлдөрү Кыргызстанга келерин да кошумчалады.

“Принципиалдуу маселелер боюнча орток пикирге келе элекпиз. Канада тарап буга чейинки келишимдеги айрым бир шарттарды калтыргыла деп атат. Биз ага көнбөй жатабыз”, - деди Оторбаев.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындан мурдараак канадалыктар кыргыз өкмөтү көнбөй турган юридикалык талаптарды коюп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Атамбаев да буга чейин Кумтөрдү улутташтыруудан башка жол калбай баратканын кыйыткан болчу. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG