Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Акча алмаштыруучу жайлар боюнча акыркы чечимди парламент кабыл алат


Бул тууралуу билдирген өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул тармакты тартипке салуу керектигин, айрымдары лицензиясы жок иштерин, ошол эле учурда атаандаштыкты жоюуга, монополияга жол берилбеши керектигин кошумчалады.

Улуттук банк долларга карата сомдун кунунун түшүшүнө акча алмаштыруучу жайлардын кызыл кулактыгы бир себеп деп эсептеп, аларды жабуу демилгесин коомдук талкууга койгон.

Улуттук банктын билдиргенине караганда, Кыргызстанда 300 ашуун акча алмаштыруучу жайлары иштейт. Өткөн жылы кирешесин, өздөрү тууралуу маалыматтарды жашыргандыгы боюнча 170 акча алмаштырчу жай айыпка жыгылган, 16сынын лицензиясы кайтарылган. Мындан тышкары алардын көпчүлүгү лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.

Ал эми акча алмаштыруучу жайлардын ээлери Улуттук банктын бул саясатын атаандаштык саясатына каршы келет деп сындап келишет. (EBM/МТо)

XS
SM
MD
LG