Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Чек ара кызматы: Өзбекстандын кыргыз чек арачыларын айыптоосу негизсиз


Ала-Букадагы чек ара чатагы боюнча Өзбекстандын Кыргызстанды айыптоосу негизсиз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

“Ал аймакта чек ара тилкеси такталган. Өзбекстандык аңчылар чек ара тилкесинен 500 метрден ашуун ичкери мыйзамсыз кирип кетишкен. Кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө моюн сунбай ок чыгарышкан. Кийин өзбек чек арачыларына Кыргызстандын аймагына түшкөн гильзалар, аңчылардын издери көрсөтүлүп, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы далилденген”, - деди Бөрүбаева.

18-январда Ала-Буканын "Көк-Серек" чек ара тозотунда өзбекстандык аңчылар менен кыргызстандык чек арачылардын атышуусунан бир өзбек жараны жарадар болгон. Эки тараптуу келишимдин негизинде ал өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек араларды коргоо комитети атышуу боюнча кыргыз аскерлерин күнөөлөгөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышкан. Анда кыргыз тарап чек араны кесип өтүп, өзбек аңчыларына ок чыгарганы жазылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG