Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Жаш балдардын зордукталып жатышына жаалданган энелердин тобу бүгүн Ак үйдүн алдына акцияга чыкты. Алар Жогорку Кеңешке жаш балдарды зордуктоого баргандарга жазаны күчөтүү талабын коюуда. Бул жерге чогулган энелер интернеттеги социалдык тармактар аркылуу чогулганын, акция бүгүн күндүзгү саат үчкө чейин созуларын жана ага чейин алардын катары дагы толукталарын айтышууда. Акцияга барган кабарчыбыздын айтымында, алардын саны азырынча 20 чакты.

Энелердин мындай кадамга барышына соңку кездерде зордукталган жана кордолгон балдардын көбөйүп жатышы себеп болгон. Айрыкча 16-январда эки жашар наристенин аёосуз токмоктолуп, эс учун жоготкон абалда Бишкектеги балдар ооруканасына түшүшү, кийинчерээк анын зордукталганы да аныкталышы кыргыз коомчулугун сестентип койду. (ZA/SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG