Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Салянованын күйөөсү министрдин жардамчысы болуп иштейт


Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкта". Бишкек, 13-ноябрь, 2013.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкта". Бишкек, 13-ноябрь, 2013.

Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, башпрокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров анын жардамчысы болуп өткөн жылдын ноябрь айынан бери иштейт.

Бүгүн УКМК бир топ адамдар, анын ичинде Абдыкапаров“Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар алганы тууралуу күбөлөр көрсөтмө беришкенин билдирген. Бул боюнча УКМК иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бактыбек Абдыкапаров 2004-жылдын июнь-август айларында Улуттук илимдер академиясында, ошол эле жылдын 1-сентябрынан 2009-жылдын 31-августуна чейин “Атрия” ЖЧКсында юрист болуп эмгектенген. 2011-жылдын 25-июлунан 2012-жылдын 13-мартына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулардын абалы боюнча департаментинде башкы адис. 2014-жылдын 5-ноябрынан бери юстиция министринин жардамчысы болуп иштейт. (EBM/MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG