Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Салянова: Күйөөм жөнүндө айтылгандардын баары калп


Бул тууралуу Аида Салянова “Азаттыкка” билдирип, убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгарын айтты.

Баш прокурор Салянова кечээ кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Андан соң анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иш козголгону маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин түшүндүрмөсү боюнча Абдыкапаровго кызматынан кыянат пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылып жатат. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар алганы белгилүү болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG