Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки тартуу, ашыкча ичкилик, ошондой эле ашыкча туздуу, таттуу жана майлуу тамак ичүү өңдөнгөн терс жашоо адаттарынан улам мезгилинен мурда бул дүйнө менен кош айтышкандардын жылдык көрсөткүчү 2000-жылдагы 14 жарым миллиондон азыркы 16 миллионго жеткендигин билдирүүдө. Өз отчетунда уюм мындай адаттар жүрөк оорусу, диабет, өпкө кеселдери, рактын ар кандай түрлөрү өңдөнгөн жугуштуу эмес ооруларга себеп болуп жаткандыгын белгилейт. Аталган оорулар 2012-жылы дүйнө боюнча 38 миллион кишинин өмүрүн алса, алардын 16 миллиону 70 жашка чыга элек адамдар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG