Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызын карап берүүнү өтүнүп парламентке жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, арыз 19-январда жазылган.

“Аида Салянованын арызы жана президенттин сунуштамасы бүгүн биздин комитетке келди. Арызда да, сунуштамада да арыз жазуунун себеби көрсөтүлгөн эмес. Өз каалоосу менен деп гана жазылган. Аны комитет канааттандырды. Эми жалпы депутаттардын үчтөн биринин добушу менен канааттандырылса, президент аны иштен алууга негиз болот”, - деди Бекматов.

Регламент боюнча парламент арызды 10 күндүн ичинде карап чыгышы керек.

Баш прокурор Аида Салянова 2014-жылдын 25-декабрында эмгек өргүүсүнө чыкканы расмий маалымдалган. Анын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кечээ кечинде белгилүү болгон. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG