Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Карышкырды тирүүлөй кармаган жигит сыйланды


Карышкыр менен жарым сааттай алышып, аны тирүүлөй кармаган Нарындын Ак-Талаа районунун тургуну Мирбек Өмүракуновго Тоголок Молдо айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сом сыйлык берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Мирбек Өмүракунов өзү маалымдады. Анын айтымында, учурда өзүнүн абалы жакшы жана карышкыр тиштеген жерлери толугу менен айыккан.

Мындан бир ай мурунураак Мирбек Өмүракунов талаада мал айдап жүрүп карышкыр менен бет келишип калган. Жанында курал жоктугунан кол салган карышкыр менен кармашып, аны тирүүлөй кармап келген. Кармашуу учурунда карышкырга 2 колун жана тизесин тиштетип алган. (MiK)

XS
SM
MD
LG