Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Алтыбаева: Обдуновдун ишин комитет иликтеп жатат


Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева билдирди. Анын айтымында, депутат Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу тууралуу “Республика” фракциясынын сунушун комитет бүгүн карады. Анда депутаттын ишке качан акыркы жолу келгенин тактоо үчүн парламенттин юридикалык, техникалык бөлүмдөрүнө тапшырма берилди.

“Обдунов микроинсультка учурап, учурда Аравандагы ооруканада экен. Мындан тышкары бөйрөгү да ооруп жатканын жакындары билдиришти. Анын жардамчылары ай сайын комитетке депутаттын ооруп жаткандыгы тууралуу тастыктама берип турушкан”, - деди Алтыбаева.

16-январда “Республика” фракциясы өз катарындагы Элмурат Обдуновду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча спикерге сунуш киргизген. Фракциянын жүйөсү боюнча Обдунов көп убактан бери жумушка чыга элек жана анын себебин көрсөткөн эмес. Парламент регламентине ылайык, депутат ишке эч себепсиз 30 күн чыкпаса ыйгарым укуктарынан ажырайт. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG